Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинде 2020 — жылы сентябрь айында кыздар ичинде «Чырак» клубу түзүлгөн. Бул клубдун негизги максаты кыздарды ыйманга чакырып, китеп окууга, билимге тартуу болгон. Клуб жаңыдан …
Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинин окуучулар арасында өтүлгөн “Күз берекеси” конкурсу жыл сайын уюштурулат. Мелдешке 5-6-7-класстардын окуучулары катышышты. Өтүлгөн убак 30-ноябрь күнү саат 11:00дөн 12:30га чейин болду.
Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинде башталгыч класстын мугалими Дамира Сейдинова 2019-жылдан баштап «Ата-энелер» мектебин уюштуруп, жетектеп келет. Бул мектеп алгылыктуу иштерди аткарып, ата-энелердин саны көбөйө баштаганда пандемия ишин улантууга …
Айыл ичинде түзүлгөн «Соң-Көл» көк бөрүчүлөр командасы 3 жылдан бери ынтымак оюнуна катышып келишет. Бул оюн пандемияга карабай уланууда.
Нарын облусунун Ак-Талаа районунун тургуну Акыл Бейшеналиев. Ал 2020-жылы коронавирус пандемиясынан улам айылга келген. Ага чейин борбор калаада ар кандай жалданма жумуштарда иштечү, анткени атайын кесиптик билими жок. Ушул тапта …
Пандемияда онлайн сабак болгону баарыбызга белгилүү, ошол убакта окуучулардын көпчүлүк убактысы бош өттү. Айрымдары ата-энелерине жардам берсе, кээ бири китеп окуу менен алек болушту.
Төлөк айылында акыркы 3 айдан бери Ковид-19 менен ооругандар каттала элек. Айыл элинин бир тобу жайында-күзүндө сыртка чыгып, ооруну жуктуруп келип жатышкан. Азыр көбү кыш келип үйүндө болгонгобу, ооругандар жок …
Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинде 3-декабрь майыптыгы бар жарандардын күнүнө карата жарыяланган бир айлык кайрымдуулук акция жыйынтыкталды. Анда окуучулар жана мугалимдер жамааты жигердүү катышты.
«Соң-Көл» айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу боюнча башкы адис Алтынбек Асранкулов пандемия учурунда жасалган иштери менен бөлүштү.
Кочкор районундагы Исабек Исаков атындагы райондук китепканада 10-декабрь күнү «Улуттук адабият күнүнө» жана 12-декабрь Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнө арналган адабий кече болуп өттү.
«Соң-Көл» орто мектебинде 10-декабрь күнү «Ч.Айтматовдун каармандары сахнада» аттуу сабак-сахна өткөрүлдү. Сабакты кыргыз тили жана адабияты мугалими Тамара Бакирова уюштурду. Окуучулардын аткаруу чеберчиликтери катышкан мугалимдер тарабынан бааланды.
Казан — Куйган жана Оттук айыл аймактарында кыз — келиндерге БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык- түлүк программасы боюнча бекер окуулар уюштурулду. Казан -Куйган аймагында кыз- келиндер ветеринария боюнча үч күн окушса, …
Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинде Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн колдоосу менен райондук мектептердин химия жана биология предметтеринин мугалимдери үчүн семинар өткөрүлдү. Семинарга Нарын райондук билим …
«Соң-Көл» орто мектебинде 9-декабрь күнү «Улуттук адабият» күнүнө карата акыл ордо оюну болуп өттү. Сынакта Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө суроолор түзүлүп, 3 тур менен өттү, жалпы 10 окуучу …
7-декабрдан баштап «Соң-Көл” орто мектебинде “Улуттук адабият” күнүн белгилөө иш чарасы башталды. Бул иш чара жуманын аягына чейин уланат. Бүгүн 5-11-класс аралык көркөм окуу сынагы болуп өттү.
5-декабрь Бүткүл дүйнөлүк ыктыярчылардын күнү белгиленип, Нарын шаарындагы Хан- Тенгри мейманканасынын залында ыктыярчылар үчүн семинар уюшулду. Бул семинарга «ыктыярчы» болууну каалаган окуучулар да катышып, ыктыярчылык тууралуу кенен маалымат алышты.
Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебиндеги окуу бөлмөлөрү проектор, проектордук доска, мугалимдин столу отургучу менен камсыз болду. Ошондой эле бардык окуу бөлмөлөргө, залдарга видеокөзөмөл коюлду.
«Соң-Көл» орто мектебинде 23-ноябрдан 3-декабрга чейин «Табигый илимдер» усулдук бирикмесинин 10 күндүк иши болуп өттү. Бул күндөрү мектептин математик, физик, информатик, химик, биолог, географ мугалимдери ачык сабактарды, ачык тарбия сабактарды …
3-декабрь Бүткүл дүйнөлүк майыптыгы бар адамдарды коргоо күнүгө карата Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин мугалимдер жамааты окуучулар менен биргеликте Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына ылайык «Калдыгы жок» акциясын өткөрдү.
Кочкор айылынын райондук китепканасында окуучуларга, соцпедагогдоруна жана мугалимдерге «1-декабрь бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү» күнүнө карата тегерек стол болуп өттү.