Нарын районуна караштуу Дөбөлү айыл өкмөтүнүн Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебине 43 жылдык жолугушууга келген 1982- жылкы бүтүрүүчүлөрү тарабынан алгылыктуу иштер жасалды.
Нарын районуна караштуу Ө. Токтосунов атындагы орто мектебине “Манас” эпосу боюнча 20 жылдык бүтүрүүчүлөрдөн белекке китеп берилди.
Дөбөлү айыл өкмөтүндө аймактагы энелерди урматтап, «Эне — үйдүн куту» аттуу салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.Иш-чарага Нарын шаарынын жана Дөбөлү айыл өкмөтүнүн маданият кызматкерлери катышып, жогорку деңгээлде уюштурулду. Энелерге арналган майрамдык концерттик …
Нарын районуна караштуу Таш Башат айылындагы Дүрбөлөң Мамбетов атындагы орто мектебине жаңы директор дайындалды.
Кыргыз Республикасындагы балдар- өспүрүмдөр спорт мектептеринин тарбиялануучулары арасында «Мен чемпионмун » республикалык спорттук оюндарынын турнири болуп өттү.
Дөбөлү айылында айыл башчы Жолдошбек Жумалиевдин демилгеси менен айыл тургундары жазгы сугат иштерин жакшыртуу максатында арык тазалоо иштери жүргүзүлдү.
Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын К. Акназаров атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин 20 жана 10 жылдык бүтүрүүчүлөрү мектеп айланасын жашылдандыруу максатында 100 түп балаты, 112 даана алма, …
Нарын облусунун, Кочкор районундагы Чолпон жана Кара-Суу айыл өкмөттөрүнүн мектептеринин окуучуларынын катышуусунда Чолпон айылында шахмат турнири өткөрүлдү. Бул иш-чара Байдөөлөт уулу Туткабайдын жаркын элесине арналган. Иш-чарага анын балдары жана неберелери …
Нарын облусунун Кочкор районундагы Чолпон айылынын Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин окуучулары жана тарых мугалими эл аралык сынакта жеңишке жетишип, Москва шаарына үч күндүк жолдомо менен барып …
16- майда Нарын районуна караштуу Дөбөлү айылында медиасабаттуулук боюнча кахут оюну ойнотулуп, иш чара өтүлдү.Иш чаранын эң негизги максаты жарандарды маалыматты талдоону үйрөтүү, аналитикалык, критикалык ой жүгүртүп сын көз караш …
Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Таш-Башат айылынын тургуну Улан Үсөйүн туризмди өнүктүрүү максатында айылга “Altay” мейманканасын куруп, айыл элин да жумуш менен камсыздоодо.
Инза Алмазова Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебинде 5-класста окуйт. Ал бала бакчага барып баштаганда 3-4 жашынан тарта ырдап чыгып баштаган. Учурда сынактарда жана коомдук иш чараларда талантын тартуулап келет.
Нарын районуна караштуу Дөбөлү айылынын тургуну Асел Чакиева 3 жылдан бери кийим тигүүчү цех иштетип келет. Мурда айылда өз алдынча буйрутма алып же шаарда иштеп келген кыз келиндердин башын бириктирип, …
Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын демилгеси менен 14-майда Нарын райондук билим берүү бөлүмү тарабынан Ж. Өмүралиев атындагы орто мектебинде окуучулар арасында акимдин көчмө кубогуна арналган дебаттык турнир болуп өттү.Турнирге райондун 17 …
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Шаршеналы Таджиевдин элесине арналган волейбол турнири быйыл Чолпон айылы үчүн ийгиликтүү болду. 7-майда башталган бул спорттук иш-чаранын биринчи күнүндө чоңдор арасында Чолпон командасы жеңишке жетсе, …
Кочкор районунун Тендик айылында жайгашкан Калыгул Бай атындагы орто мектебинин имаратында планга ылайык күжүрмөн даярдыгын күчөтүү жана өрт кырсыгы катталган учурда мектеп окуучуларына жана мектеп кызматкерлеринин иш-аракетин жакшыртуу максатында өрт-тактикалык …
Нарын шаардык спорт мектебинде Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80жылдык мааракесине жана Кыргыз спортунун 100 жылдыгына карата 2025-жылдын 10-майында 2007-2009-жылы төрөлгөн кыздар арасында стол үстүндөгү теннис оюну болуп өттү.
11- майда Нарын районуна караштуу Дөбөлү айыл өкмөтүнүн айылдарынын арасында футбол боюнча ынтымак турнири болуп өттү. Ага жалпы 14 команда катышып, жеңүүчүлөр акчалай сыйлыкка ээ болушту.
Нарын районунун Дөбөлү айыл өкмөтүнүн уюштуруусу менен 9-май — Улуу Жеңиш күнүнө карата 18 жаштан жогору кыз-келиндер арасында райондук деңгээлдеги волейбол оюну өткөрүлдү.
Улуу жеңиштин 80 жылдыгынын урматына карата улуу ата-мекендик согуштагы ооруктун эмгекчилерине көңүл бурулду. Нарын районунун администрациясынын башчысы акимдин орун басары Жанболотова Эльвира Бегалиевна, Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы Кудайбергенов Камчыбек Кадыркулович …